ГОМЕОМОРФИЗМ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОМЕОМОРФИ́ЗМ (гомео... ж-а гр. morph | – форма) – негизги топологиялык түшүнүктөрдүн бири; мейкиндик ортосундагы өз ара бир маанилүү үзгүлтүксүз дал келүүчүлүк. Бул дал келүүчүлүктө аныкталуучу тескери чагылтуу да үзгүлтүксүз болот. Мындай чагылтуу г о м е о м о р ф т у у же т о п о л о г и я л ы к эквиваленттүүлүк деп аталат. Г. топологиялык мейкиндиктин ж-а үзгүлтүксүз чагылтуулар категориясында изоморфизм объектиси болот. Мис., 1 1 ( f ) функциясы сандык түз сызык R м-н (0, 1) интервалынын ортосунда ж-а тегерек туюк томпок көп бурчтукка гомеоморфтуу, ал эми сфера м-н тор бири бирине гомеоморфтуу эмес ж. б. «Г.» терминин француз математиги А. Пуанкаре (1895) киргизген, бирок «Г.» түшүнүгү немис математиктери Ф. Клейн (1872) м-н А. Мёбиуска (1863) мурда эле белгилүү болгон. Г-ге Д. Гильберт, немис математиги Ф. Хаусдорф ж. б. да зор салым кошкон.