ГОМИНЬДАН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОМИНЬДА́Н (кытайча – улуттук партия) – Кытайдагы саясий партия; Президент Юань Шикайдын бийлигин чектөө, Кытай Респ-н чыӊдоо максатында 1912-ж. Сунь Ятсен тарабынан негизделген. 1913-ж. Юань Шикайдын согуштук диктатурасы орногондон кийин, Г-дын иштөөсүнө тыюу салынган. 1921-ж. түзүлгөн Кытай компартиясы (ККП) м-н бириккен. 1931- жылдан Чан Кайши жетектеген Г. Кытайдын башкаруучу партиясына айланган. 1927-ж. Чан Кайшинин тарапкерлери Чыгыш ж-а Батыш, андан кийин Борб. Кытайда төӊкөрүш жасап, ККП түзгөн рев-ялык базаларга 5 жолу жортуул уюштурган. 1946-ж. ККП башкарган куралдуу күчтөрдү жок кылуу үчүн башталган гражд. согуш Г-дын жеӊилиши м-н аяктаган. 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Респ. түзүлгөндүгү жарыялангандан кийин, Чан Кайшинин тарапкерлери Америка куралдуу күчүнүн жардамы м-н Тайвань а-на өтүп, Г. башкаруучу партияга айланган.