ГОММОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОММО́З (фр. gomme – чайыр) – өсүмдүк илдети. Курт-кумурска м-н микроорганизмдин кесепетинен, ыӊгайсыз шарттан, доо кетүүдөн пайда болот. Илдетке негизинен данектүү мөмө дарактары, о. эле цитрус өсүмдүктөрү, тыт, гозо, кунжут чалдыгат. Илдеттүү дарактын бутак, сөӊгөктөрүнөн (кээде мөмөсүнөн) килкилдек, саргыч суюктук (чайыр) агат, түшүмдүүлүгү азайып, айрым учурда дарак куурап калат. Гозо Г-унда анын жалбырак, сабак ж-а чанагына майланышкан бозомтук так түшөт; жалбырагы саргайып, эрте солуйт, сабагы ичкерип, косеги чирийт. Сактануу чаралары: гозонун калдыгын жок кылуу, которуштуруп эгүү, тереӊ айдоо, чигитти жез үч хлорфеноляты, фентиурам м-н дарылоо, дарактын жараатын тазалап, жез купоросунун (көк таш) эритмесин, нигронал ж. б. сүйкөө, 1%түү бордо суюктугун чачуу, ысыктан, үшүктөн сактоо, агротехника эрежелерин туура колдонуу.