ГОМОГЕН РЕАКТОРУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОМОГЕ́Н РЕА́КТОРУ – активдүү зонасы ядролук отун м-н басаӊдаткычтын гомогендик аралашмасынан турган ядролук реактор. Аралашма – ядролук отун м-н басаӊдаткычтын суюк эритмеси же нейтрондордун эркин жүрүузундугуна салыштырганда жетишерлик кичине өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн суспензиясы болушу мүмкүн. Г. р-дун өзгөчөлүгү жылуулук чыгаруучу элементтери жок болот, кайра өндүрүүчүн ядролук отун м-н сырьё (уран, торий, плутоний), кадимки же оор суудагы туз эритмеси, катуу басаӊдаткычта өтө майдаланган түрдө (мис., графитте) реактордун активдүзонасында жайгашышы мүмкүн. Г. р-дун газ түрүндөгү отун (мис., урандын газ абалындагы бирикмеси, газдагы урандын чаӊы) м-н иштөөчү түрү бар. Г. р. технол. ж-а констр. кыйынчылыктардын натыйжасында кеӊири колдонууга ээ болгон жок, ошондуктан эксперименттик гана максатта колдонулууда. Азыркы учурда Г. р-ду өнөр жай өндүрүшүндө жылуулук булагы катары пайдаланган айрым долбоорлор гана белгилү.