ГОМОЛОГИЯ КАТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОМОЛО́ГИЯ КАТАРЫ – бир же бир нече метилен топтору – СН2 – м-н айырмаланып, хим. касиеттери окшош, бирдей түзүлүштөгү орг. бирикмелердин катары. – СН2 – тобу гомологиялык айырма деп аталат. Г. к. түшүнүгүн 1845-ж. 1-жолу фр. химик Ш. Жерар сунуш кылган. Молекуладагы көмүртек атому n м-н белгиленип, Г. к-на жалпы формула берилет. Метан СН4, этан С2Н6, пропан С3Н2 ж. б. алкандардын Г. к-нын жалпы формуласы СnН2n+2. Молекуласында бирден кош байланышы бар каныкпаган углеводороддор: этилен С2Н4, пропилен С3Н6 ж. б. алкендердин (СnН2n) Г. к-ын түзөт. Бир негиздүү каныккан спирттердин: метанол СН3ОН,
этинол С2Н5ОН ж. б. жалпы формуласы СnН2n+1ОН.