ГОНГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОНГ (малайзиялыктарча gong – үн тууроо) – 1) урма муз. аспап. Азия элдерине кеӊири тараган. Дүйнө элдеринин муз. мад-тында анын көптөгөн түрлөрү жолугат. Колодон, мистен жасалат. Таякча м-н уруудан добуш алынат. Анын добушунун бийиктиги урганга жараша бийик же пас болот. Симф. музыкага 1791-ж. биринчи жолу француз композитору Ф. Госсек, операга 1831-ж. Ж. Мейер тарабынан колдонулган. Опералык ж-а симф. оркестрде Г-дун бир түрү там-там колдонулат; 2) латундан жал-

пак табак формасында жасалып, атайын койгучка илинген урма аспап. Калыс Г-ду балкача м-н уруп, бокста ар бир раунддун, күрөштө мелдештин башталышы м-н бүтүшүн, спорттук гимнастикада мелдештин аякташын билдирет.