ГОНДОЛА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОНДО́ЛА (итал. gondola) — 1) түбү жалпак, тумшугу кайкы бир калактуу кайык. Орт. уз. 10 м, эни 1,3 м. Г-ны бир адам (гондольер) кайыктын арткы жагына кыймылдын багыты тарапты карап, туруп турган б-ча башкарат. Г-да жүргүнчүлөр үчүн каюта же бастырма болот. Азыркы учурда Г. Венецияда негизинен туристтерди тейлейт; 2) жүктү өзү түшүрүүчү темир жол вагону. Чубурма жүктөрдү ташуу үчүн кызмат кылат; 3) учуучу аппараттын Г-сы — аэростаттын адам, жабдуу ж-а жүк (балласт) жайгашуучу кабинасы. Алгачкы эркин аэростаттардын (аба шарларын) Г-сы венеция кайыгына (формасы) окшош болгон (аты ошондон). Самолёттун Г-сы – анын фюзеляжы.