ГОНДУРАСТЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОНДУРАСТЫКТАР – эл, Гондурастын негизги калкы. АКШ, Мексика, Никарагуада да жашашат. Жалпы саны 7,3 млн киши, анын 93%ти Гондураста (2007). Испан тилинин жерг. диалектисинде сүйлөшөт, о. эле англис тили да колдонулат. Көпчүлүгү – католиктер. Г-дын этностук негизин испан-индей аргындары (ладинолор), европалыктар (креолдор), негрлер түзүп, 16–19-к-да эл болуп калыптанган. 16-к-дын 20-ж-нда испан баскынчыларынын мезгилинде жерг. индей уруулары кыргынга учураган. 16-к-дын 90-ж-нан 18-к-га чейин өлкөнүн түш.-батышына Гватемаладан испан-индей аргындары, кийинчерээк вест-индиялыктар көчүп келишип, Г. м-н ассимиляцияланышкан. Узакка созулган көз каранды эместик үчүн согуштун натыйжасында 1821-ж. колониялык эзүүдөн бошонуу, 1838-ж. Гондурастын көз каранды эмес мамлекетке айланышы Г-дын этностук калыптанышын тездеткен. Негизги кесиби – дыйканчылык. Айыл жерлериндеги Г. дубалы топурактан согулуп, сырты ылай м-н шыбалган, саман чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Кийимдери испан, португал элдеринин кийим үлгүлөрүнө окшош. Улуттук тамагы катары жүгөрү, о. эле майрам күндөрү эт азыктарынан жасалган – топадо көбүрөөк колдонулат.