ГОРДЛЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОРДЛЕ́ВСКИЙ Владимир Александрович [25.9 (7. 10). 1876, Финляндия, Свеаборг – 10. 9. 1956, Москва] – тилчи, чыгыш таануучу-түрколог, түрк элинин тили, фольклору, ад-ты, тарыхы б-ча

адис. Түркмөнстан илимине эмг. сиӊ. ишмер (1950), СССР ИАнын академиги (1946), Москвадагы Чыгыш тилдер (Лазарев) ин-тун (1899) ж-а Москва ун-тинин тарых ж-а филология ф-тин (1904) бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин түрк тилин үйрөнүү ж-а материал топтоо үчүн эки жылга Түркияга ж-а Сирияга жиберилген. Андан соӊ Парижде билимин жогорулаткан. Лазарев ин-тунун (кийин Москва чыгыш таануу ин-ту болуп кайра түзүлгөн) түрк тили ж-а түрк ад-ты тарыхынын мугалими (1907), СССР ИАнын Чыгыштаануу ин-тунун Жакынкы ж-а О. Чыгыш өлкөлөрүнүн тили ж-а ад-ты секторунун башчысы, проф. (1918). Г-дин түрк тилдер грамматикасынын орчундуу маселелерин чечүүдө ж-а түрк лексикологиясын, лексикографиясын иштеп чыгууда эмгеги чоӊ. Ал – «Түрк тилинин грамматикасынын» автору (1928), «Түркчө-орусча сөздүктүн» (1931), орусча-түркчө ж-а түркчө-орусча терминол. сөздүктөрдүн редактору. Түрк ад-тын изилдөө иштеринин ичинен «Жаӊы осмон адабияты боюнча очерктерин» (1912), «Осмон элдик чыгармачылыгынын үлгүлөрүн» (1916) бөлүп кароого болот. 11–13-к-дагы Жакынкы ж-а О. Чыгыштын социалдык тарыхы, экономикасы б-ча материалдарды камтыган «Кичи Азиянын Сельжукиддеринин мамлекети» монографиясы (1941), «16-кылымдын 2-жарымындагы Түркиянын ички абалы» (1940) ж. б. эмгектери бар. О. эле Г. иранистика, арабистика, исламтаануу, орус ад-тынын таралышы, рев-яга чейинки орус ж-а сов. чыгыштаануунун тарыхы б-ча изилдөө жүргүзгөн. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Гордлевский В. А. Избранные сочинения. Т. 1–4. М., 1960–68.
Ад.: Аракин В. Д. В. А. Гордлевский – исследователь тюркских языков (К столетию со дня рождения)// «Советская тюркология», 1976, ¹ 5; Баскаков Н. А. Академик В. А. Гордлевский – филолог-историк. «Советская тюркология», 1981, ¹ 5. Ч. Жумагулов.