ГОТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГО́ТИКА (герман уруусу готтордун атынан) – 12-к-дын экинчи жарымынан 15-к-га чейинки Батыш Европа көркөм иск-восундагы стиль. Ал готтук феодализмдин эӊ жогору өнүккөн ж-а кайра кыйрай баштаган дооруна тиешелүү. Г. капиталисттик мамилелер эрте калыптана баштаган өлкөлөрдө анча олуттуу өнүгө алган эмес. Ал өлкөдөгү антикалык салттардын туруктуу сакталышы м-н шартталган. Катардагы феодалдык мамлекеттер болгон Франция м-н Германияда готикалык стиль айкын мүнөздө өнүгө алды. «Г.» термини Кайра жаралуу гуманисттери тарабынан киргизилген ж-а алар жалпы о. кылымдык көркөм иск-вонун «варвардык» мүнөзүн баса белгилөө м-н анын готтордун көркөм иск-восу м-н байланышын көрсөтүүнү каалаган. Бирок чындыгында бул стилдин готторго эч тиешеси болгон эмес ж-а ал 11–12-к-да Батыш Европада өнүккөн романдык көркөм иск-во принциптеринин мыйзамченемдүү өнүгүшү ж-а түр өзгөртүүсү эле. Г. көркөм иск-восу чиркөө- нүн күчтүү таасири астында турган ж-а диний символдук ж-а аллегориялык образдарга багытталган; «көктөгү иерархияны» чагылдыруу м-н жердеги феодалдык иерархияны бекемдөөгө тийиш болгон. Бирок Г. иск-восу төбөлдөрдүн ич ара күрөшүнүн курчуган шарттарында өнүккөндүктөн, анда карама-каршы тенденциялар күч алган: 1) жаӊы табигый формаларга, адамдын ички дүйнөсүнө кызыгуу пайда болгон; 2) «жетилбеген маӊыроо реализм» элементтери бекемдей баштаган, темалар чөйрөсү кеӊейген. Г-нын эӊ мыкты жактары арх-рада байкалган. Чеп-

тик курулуш мүнөзүндөгү оор, роман соборлорунун ордуна дубалдары саймалуу таштардан турган, жаа сыяктуу төбөлөрү асман мелжиген храмдар пайда боло баштаган (мындай курулуш аркбутандар системасынын натыйжасында бир нерсенин кошулган төбөсүнүн басымын анын сырткы таянычтарына – контрфорсторго өткөрүп жиберүү аркылуу мүмкүн болгон). Г-лык собор (чоӊ чиркөө) асманга умтулууну символдоштурган ж-а ушул эле максатка анын бай жасалгаланышы, статуялар, рельефтер, витраждар кызмат кылган. Чиркөөнүн жасалгалары-

Түштүк-Батыш тарабынан жалпы көрүнүшү.
на кирген кээ бир сүрөттөр турмуштук практикага жакын болгон. Анда эмгек процесстери, кээде сатиралык фольклордон алынган антиклерикалык сюжеттер, жанрдык көрүнүштөр чагылдырылган. Г-лык миниатюраларда турмушка, пейзажга болгон чоӊ кызыгуу байкалат. Кайра жаралуу доорунун көркөм иск-восу Г-га каршы күрөштө өнүккөн ж-а Г-лык көркөм иск-вонун реализмге мүнөздүү жактарын пайдалануу м-н ага көркөм ой-пикирдин жаӊы системасын каршы койгон. О. кылымда Батыш Европа өлкөлөрүндөгү бир катар шаарлар ж-а чептер Г. стилинде курулган. Соборлору адатта скульптура ж-а чегилген таштар м-н кооздолгон. Г. арх-расында табынуучу жай гана эмес, коомдук мааниге ээ болгон турак үй, сепил ж. б. курулуштар маанилүү роль ойногон. Г. Францияда (Париж, Реймстеги соборлор) мыкты өнүккөн. О. эле ал Германия, Италия ж. б. өлкөлөргө да тараган. Г. эстеликтери Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Хорватия, Словенияда ж-а Россияда, Балтика боюндагы өлкөлөрдө сакталган. 5–16-к-да Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Г-ны Кайра жаралуу иск-восу сүрүп чыгарган.
Ад.: Всеобщая история искусств, Т. 2, кн. 1. М., 1960; Всеобщая история архитектуры. Т. 4. Л.; М., 1966.