ГОТЛАНД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГО́ТЛАНД – Балтика деӊизиндеги эӊ ири арал. Швецияга карайт. Аянты 2960 км2. Калкы 57,2 миӊ (2013). Жеринин бетин бийикт. 83 мге жеткен, негизинен силурдун акиташ тегинен ж-а кумдугунан турган плато ээлейт; рельефтин карсттык формалары мүнөздүү. Климаты мелүүн, деӊиздик. Жылдык жаан-чачыны 500 ммден ашык. Ийне ж-а жазы жалбырактуу токой, өлөӊ чөп өсөт. Дан эгиндери (кара буудай, сулу), картошка, кант кызылча, зыгыр өстүрүлөт. Кой чарбасы бар. Акиташ алынат. Башкы шаары ж-а порту – Висбю.