ГОХУА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОХУА́ – кытай улуттук живописи. Г. термини Кытайда 20-к-дын башында пайда болгон ж-а ал тушь м-н тартылган салттык живописти май боёк м-н тартылган европ. живопистен айырмалоо үчүн колдонулган. Азыркы учурда бул термин кеӊири пайдаланылат ж-а ал кытай көркөм иск-восунун ар кандай түрлөрүн – живописти, графиканы, дубалдагы жазууларды, жаӊы жылдык сүрөттөрдү, кагаздан кесилген элдик оймолорду ж. б. өз ичине камтыйт. Маӊызы б-ча Г. – кытай мад-тынын көп кылымдык өнүгүүсүнүн натыйжасында калыптанган, анын өзгөчө көркөм об-

Ли-Кэжань. «Кичинекей бадачылар буйволдор менен».
Менчик жыйнак. Прага.

раздык системасын, кытай көркөм иск-восунун айырмачылыктарын көрсөткөн стиль, түшүнүк. Бирок көп учурда Г. живописке карата колдонулат. Г. живописи кээ бир тех. өзгөчөлүктөрдөн (жибек м-н жумшак, тез суулануучу кагазды, кара ж-а түстүү тушту, тунук ж-а коюу боёкторду пайдалануу) башка да кытай живописи үчүн салт болуп калган көркөм таасирдүүлүктөгү каражаттарга бай. Линиялык сүрөттөөлөрдүн басымдуулугу, жарык шаӊынын жоктугу, деталды чебер бөлүп көрсөтүүдөгү жалпылык, б. а. кытай живописинин бүт сапаттары Г. стилин өзгөчөлөнтүп турат. Г. живописи өзүнүн мүнөзү ж-а мазмуну б-ча өтө эле көп кырдуу, ал ар кыл жанрларды, көркөм мектептерди ж-а жеке чыгармачыл ыкмаларды камтыйт. Г. живописи өз ичине өнүгүүнүн мындан аркы эӊ чоӊ мүмкүнчүлүктөрүн катып турат, ошондуктан бул улуттук көркөм иск-вону окуп-үйрөнүүгө өзгөчө көӊүл бурулууда. 1956-ж. Пекин м-н Шанхайда Г. б-ча теоретиктерди ж-а сүрөтчүлөрдү даярдап чыгаруучу кытай улуттук живопись ин-ттары түзүлгөн.