ГРАММАТИКАЛЫК КАТЕГОРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРАММАТИКАЛЫК КАТЕГО́РИЯ – граммат. бир өӊчөй маанилердин жыйындысы ж-а алардын атайын формалар м-н берилиши, грамматикалык
маани м-н грамматикалык форманын бирдиги. Кайсы бир сөз түркүмдөрүн мүнөздөөчү Г. к-нын жыйындысынан сөз өзү кирген топтук жалпы (категориялык) маани түзүлөт. Мис., ар бир жөндөмөнүн жекече мааниси жөндөмөлөр категориясына, ар бир чактын формасы чак категориясына бириктирилет. Г. к-га жалпы мааниси ж-а морфол., синтаксистик белгилери б-ча сөз түркүмдөрүнүн лексика-граммат. ири топтору да кирет (мис., этиш категориясы, тактооч категориясы ж. б.).