ВАЛЮТА КУРCУ –: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАЛЮ́ТА КУРCУ – ар түрдүү өлкөлөрдүн сатып алуу жөндөмдүүлүгү ж-а башка факторлор (төлөм балансынын абалы‚ инфляциянын деӊгээли‚ кыска мөөнөттүү капиталдардын өлкөлөр аралык миграциясы) м-н аныкталуучу акча бирдиктери ортосундагы катыш. В. к-на керектөөчүлүк төмөнкү учурда: экспортто., чет
өлкөлүк валютадагы капиталдардын‚ кредиттердин‚ кирешелердин өлкөгө киришинде чет өлкөлүк валютаны улуттук валютага алмашуунун зарылдыгы м-н шартталган. В. к. Алмашма валюталык бүтүмдө импортту төлөөдө‚ эл аралык кредиттерди төлөөдө‚ капиталды которууда‚ чет өлкөгө пайдаларды ж-а башка акча кирешелерин берүүдө да зарыл. Валюталарды эквиваленттүү алмаштыруу максатында В. к. валютанын чыныгы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө ылайыктуулугун чагылдыруусу керек. Өтүмдүү валюталар үчүн В. к. негизинде валюта паритети жатат. Бирок азыркы учурда В. к. өзгөрмөлүү. Активдүү төлөм балансында ошол өлкөнүн валюта рыногунда чет өлкөлүк валютанын курсу төмөндөйт‚ ал эми жерг. улуттук валютанын курсу жогорулайт. Пассивдүү төлөм балансында бул процесстер тескерисинче өтөт. Ошондуктан көпчүлүк өлкөлөрдө улуттук валютанын расмий курсу м-н катар эркин курс да иштейт. Расмий курс б-ча өлкөнүн борбордук банкынын ж. б. валюта-финансы мекемелеринин өз ара ж-а эл аралык уюмдар (МВФ‚ МБРР) м-н эсептешүүлөрү жүргүзүлөт. Эркин курс б-ча жеке адамдардын ж-а тышкы соода ж-а тышкы экон. байланыштардан пайда болгон уюмдардын ортосунда жүргүзүлөт. ММФга мүчө өлкөлөр, а. и. Кыргызстан, АКШ долларына карата өз улуттук валютасынын курсун бекемдешти (к. таблицаны).
Таблица бар
2007-жылдын 19-майында чет элдик валюталарга
карата белгиленген сомдун курсу