ВАН ГОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАН ГОН (31.1.877, Сондо, Тхэбон – 4.7.943, Кэсон, Корё) – Кореядагы Корё мамлекетинин (918–943) алгачкы башкаруучусу (ван), династиянын негиздөөчүсү. Алгач Кореядагы Тхэбон мамлекетинин башкаруучусу Кун Енин вассалы болгон. Тхэбон ж-а Хупэкче мамлекеттеринин ортосундагы согуш учурунда абалын бекемдегенге жетишип, 918-ж. Кун Ени бийликтен алып, өзүн Тхэбондун башкаруучусу деп жарыялап, мамлекетти Корё деп атаган. 935-ж. Силла мамлекетинин акыркы падышасы да ага тактысын бошотуп берген. 936-ж. В. Г. Хупэкче мамлекетин талкалап, бүткүл Кореянын башкаруучусуна айланган.