ВАН ФУЧЖИ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАН ФУЧЖИ́ (7.10.1619, Хэнчжоу уезди, Хэнъян – 18.2.1692, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы) – кытай философу, универсалдуу билимдүү, окумуштуу-энциклопедист. Анын 100дөн ашуун эмгектеринен 70ке жакыны табылды ж-а жарык көрдү. В. Ф-нин эмгектеринин көпчүлүк бөлүгү байыркы кытай философиясынын канондорун чечмелөөгө арналган. В. Ф. Чжан Цзага удаа эле «Улуу боштук» ж-дөгү окууну өнүктүргөн. Мындагы борбордук жобо – ци (дем күчү), ал дүйнө түзүлүшүнүн бардык негизинде жатат. Демдин (дем күчтүн) мүнөзүнүн уӊгу-негизи (субстанция) ушунда: «ансыз эч кандай принцип да, эч кандай «Асман» да, эч кандай «жүрөк» да болбойт, жок нерселер» делет. Чжоу Дуньинин кыймылдын үстүнөн тынымдын үстөмдүгү ж-дөгү жобосун сынга алат. Тыным кыймылдан экенин моюндап келип, аларды универсалдуу дүйнө түзүүчү күчтөргө ээ инь м-н яндын өӊүтүнөн сунуштайт. «Кыймылда ян жаралат – бул кыймылдын кыймылы. Тынымда инь жаралат – бул тынымдын кыймылы». Ошол доордогу теор. талаш-тартыштардын омоктуусу – кайсынысынын жолу улук – адамдардынбы же мыйзамдардынбы – деген маселеге кайрылып, В. Ф. аларды теӊдештирип чечкен. Ал: «Асман алдында эч качан кебелбес негиздер
бар, бирок эч кебелбес мыйзамдар жок», – деген.