ВАРНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВА́РНА – Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна обл-нун адм. борбору. Калкы 335,2 миӊ (2017); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деӊиздеги Варна булуӊунун жээгинде жайгашкан. Мааниси б-ча өлкөдөгү 2-деӊиз порту (жылына 8,5 млн т жүк ташылат). Варна – Ильичёвск (Украина) – Поти – Батуми (Грузия) паром байланышы ж-а эл аралык аэропорту бар. Байыркы грек Одессос полиси катары б. з. ч. 570-ж. ченден белгилүү. 971-ж. Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-ж. түрктөр басып алган. 18–19-к-да ири портко ж-а соода борборуна айланган. 1949–56-ж. И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика ж-а соӊку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай ж-а маданий борбору. Ун-ттер, музейлер, сүрөт гал., музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деӊиз паркы (1881, аянты 85 га) иштейт. «Варна жайы» муз. фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр ж-а композитор Г. Димитров атн. май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу ж-а ремонттоо з-ддору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, хим. (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деӊиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деӊиздик климаттык бальнеол.-баткак курорттору – Алтын Кум, Ыйык Константин ж-а Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла ж. б. жайгашкан.