ВАСИЛИЙ БЛАЖЕННЫЙ ХРАМЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАСИ́ЛИЙ БЛАЖЕ́ННЫЙ ХРАМЫ (эски аты – Покровский собору) – орус арх-расынын эстелиги. Казан хандыгын багындыргандын урматына 1555–61-ж. Москвада Соода аянтына (азыркы Кызыл аянт) тургузулган. Керегеси бышык кыштан, таманы ак таштан салынган. Арх. Барма ж-а Иван Яковлев (ылакап аты – Постник). Храм өз мезгилиндеги курулуш өнөрү б-ча эӊ мыкты үлгүлөрдөн болуп саналат. Борб. бийик храмга мунара түрүндөгү 8 храм курчай салынган. Азыр ал тарых музейинин филиалы. Кызыл аянттагы объекттердин катарында Бүтк үл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
