ВАХШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАХШ – Тажикстандагы дарыя, Аму-Дарыянын оӊ түзүүчүсү. Уз. 524 км, алабынын аянты 39,1 миӊ км2. Кызыл-Суу м-н Мук-Суу д. кошулгандан Сурхоб аталып, батышты карай агат; ага Обихингоу д. куйгандан кийин В. аталып түш.-батышка бурулат. Андан ары Вахш өрөөнү аркылуу агат. Суусунун орт. чыгымы төмөн жагында 666 м3/сек, эӊ көбү – 3120 м3/сек, эӊ азы 130 м3/сек. Суусунун киргилдиги м-н айырмаланат (5,77 кг/м3). Сугатка кеӊири пайдаланылат. В. д-нда Нурек, Байпаза, Башкы Рогун ГЭСтери курулган. Боюнда Нурек, Калининабад ш. жайгашкан.