ВЕБЕР Альфред: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВЕ́БЕР (Weber) Альфред (30.7.1868, Эрфурд – 2.5.1958, Гейдельберг) – немец экономисти ж-а социологу. Тарых м-н мад-т социологиясынын жаӊы концепциясын иштеп чыккан. Анын теориясы б-ча тарыхтын өнүгүшү интеллигент (акылман) төбөлдөрдүн рухий чыг-лыгынын жүзөгө ашырылышы аркылуу аныкталат. В-дин түшүнүгү б-ча тарых деген бул дайым өзгөрмө кыймылдагы ж-а айрым жактарынан теӊ салмактуулугу туруксуз боло берүүчү процесс болгону м-н ички ж-а тышкы түзүлүшү бар. Ички түзүлүшү – «тарыхый дененин» кайсынысын болсо да өзүнчө мүнөздөөчү, ар кимиси өз алдынча үч компоненттен: коомдук процесстен (экономика, социалдык алакалар, саясат ж-а мамлекет), цивилизациялык процесстен (илим ж-а техника) ж-а маданий кыймыл-аракеттерден (дин, философия, иск-во) турат. Анын ою б-ча социологдун милдети өзүнүн бирдиктүү, мезгил-мейкини бар ар бир «тарыхый денедеги» көрсөтүлгөн факторлордун сейрек айкалыштарын (констелляцияны) ачып берүүдө турат. Тарыхтын тышкы курамы Адам м-н Жердин өз ара таасир көрсөтүүлөрүнүн жүрүшүндөгү жанаша жашоосун ж-а өз ара катышын сыпаттап берет. Кайра жаралуу доорунда Батыш Европа коомунун түпкүрүндө Жерди активдүү өздөштүрүү ж-а аны адамдын керектөөсүнө багындыруу тенденциясы пайда болду. Адамзат тарыхында биринчи жолу цивилизациялык компонент маданий компонентке үстөмдүк кылуу абалына жетти. 20-к-дын башында илим-техниканы чексиз өнүктүрүүгө негизденген Батыш өлкөлөрү, акыры, планетабыз да чектелүү экени м-н эсептешүүгө көбүрөөк аргасыз болушууда. Анткени, цивилизациялык процесс м-н маданий жылыштардын ортосундагы ажырым Батыш цивилизациясынын «тарыхый денесине» кыйраткыч сокку болорун, ал эми адамзат болсо, жашоонун жаӊы шарттарына даяр эместигин көрсөттү.