ВЕНА КОНГРЕССИ (1814–15): нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
В́ЕНА КОНГРЕССИ (1814–15) – Наполеон жеӊилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык конф-ясы. 1814-ж. сентябрь – 1815-ж. июнда Венада өткөн. В. к-не Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (Түркиядан башка) катышкан. Конгрессте Россия (Александр I), Улуу Британия (Каслри), Австрия (Меттерних), Пруссия (Фридрих Вильгельм III) чоӊ роль ойногон. Анда Француз революциясынын ж-а Наполеон согушунун учурунда жоюлган феод. тартипти, кулаган династияларды кайра калыбына келтирүү, рев-ялык ж-а улуттук-боштондук кыймылдарга каршы күрөшүү, Наполеонду бийликке кайра келтирбөө ж-а жеӊген державалардын аймактык таламдарын канааттандыруу маселелери каралган. Падыша өкмөтү Польшаны бүт Россияга кошуп алуу маселесин койгон. Буга Франция, Улуу Британия м-н Австрия каршы турган. 1815-ж. 3-январда жеӊилген Франциянын атынан атайын өкүл катары конгресске катышкан Ш. М. Талейран күч алып бараткан Россия м-н Пруссияга каршы Улуу Британия ж-а Австрия м-н жашыруун келишимге кол койгон. Конгресстин чечими б-ча Россияга Польшанын бир бөлүгү (Варшава м-н чогуу Польша падышалыгы деп аталган); Пруссияга Польшадагы ж-а Саксониядагы айрым аймактар, Вестфалия ж-а Рейн провинциялары; Австрияга Ломбардия, Тироль, Далмация, Венеция; Улуу Британияга стратегиялык маанидеги Гельголанд, Мальта, Ионика ж-а Цейлон, о. эле Африканын түштүгүндөгү Кап колониясы да өткөн. Франция Саар обл-нан ж-а бир нече чек ара чептеринен айрылган, контрибуция төлөөгө милдеттенген ж-а аймагында 5 жылга оккупациялык аскерлер калтырылган. Германиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Франциянын түн. чек арасында Голландия м-н Бельгиянын аймагынын эсебинен Нидерланд королдугу түзүлгөн. Жалпысынан, В. к. Европада стабилдүүлүктү орноткон. В. к. кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Россиянын, Австриянын ж-а Пруссиянын монархтары 1815-ж. сентябрда Ыйык союзду түзүшкөн.