ВЕЙЦМАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВЕ́ЙЦМАН Хаим [27. 11. 1874, Россия империясы, Гродно губерниясы Мотоль (азыркы Белорусь Респ., Брест обл., Иванов р-ну) – 9. 11. 1952, Израиль, Реховот] – Израилдин мамл. ж-а саясий ишмери. Германия, Швейцария ж-а Англияда билим алган. 1901-жылдан Женева ун-тинде окутуучу, 1904–19-ж. Манчестер ун-тинин окутуучусу, проф. 1916–19-ж. Британ адмиралтействосунда химия лабор-сынын башчысы. Көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Сионисттик кыймылдын активдүү катышуучусу (к. Сионизм). 1920–31, 1935–46-ж. Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмдун президенти; 1929–31 ж-а 1935–46-ж. Палестина б-ча европ. агентчиликти жетектеген. 1937-ж. Чыгыш Европадагы еврейлерди фашизмден куткаруу максатында Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү тууралуу британдык планды жактап чыккан. 1947–48-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясында Палестинаны экиге бөлүү б-ча талкууга еврей делегациясынын курамында катышкан. 1948-жылдын майынан Израилдин Убактылуу мамл. кеӊешинин президенти. 1949-ж. февралда өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган.