ВЕНА АРБИТРАЖДАРЫ (1938, 1940): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВЕ́НА АРБИТРАЖДАРЫ (1938, 1940) – Германиянын ж-а Италиянын фаш. өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн Чехословакия м-н Румыниянын бир кыйла жерин Хорти башкарган Венгрияга берүү ж-дөгү эки чечиминин аты. Ага Венада кол коюлган. 1938-ж. 2-ноябрдагы биринчи арбитраждын натыйжасында Германия м-н Италия Словакиянын түш. райондорун ж-а Закарпат Украинасын Венгрияга берүүгө Чехословакияны мажбур кылган. Экинчи арбитраж б-ча (1940-ж. 30-август) Түн. Трансильвания Румыниядан Венгрияга өткөн. Натыйжада Венгрия м-н Румыниянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланып, Германия экөөнү теӊ баш ийдирип алган. В. а. 1947-ж. Париж тынчтык келишими м-н жоюлган.