ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
1956-ж. 23-октябрда өлкөдө экон. ж-а саясий реформаларды жүргүзүү талабын койгон массалык демонстрация м-н башталган. Демонстрацияга чыккандар Венгрия аймагынан сов. аскерлерди чыгарып кетүүнү ж-а өкмөт башчылыгына Имре Надды кайра коюуну талап кылышкан. Демонстрациянын жүрүшүндө эл м-н аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. Кийинки күнү Надь өкмөт башчысы болуп дайындалган ж-а ал реформаларды жүргүзүүнү колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишим уюмунан чыккандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда Я. Кадар жетектеген компартиянын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү сов. жетекчилик м-н байланышып, И. Надды бийликтен алуу планын иштеп чыккан. 4-ноябрда Венгриянын аймагына сов. аскерлер киргизилип, Будапешт алынат. Бир нече миӊдеген венгрлер курман болгон, 200 миӊге жакыны эммиграцияга кеткен. И. Надь ж-а козголоӊдун башка жетекчилери жашыруун түрдө камакка алынып, өлтүрүлгөн.