ВЕНЕЦИАНОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВЕНЕЦИА́НОВ Алексей Гаврилович [7(18).2.1780, Москва – 4(16).12.1847, Тверь губерниясы, Поддубье кыш.] – орус сүрөтчүсү; орус живописиндеги турмуштук жанрга негиз салуучулардын бири, педагог, Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). Алгачкы мезгилде лирикалык портреттерди, 1812-жылдагы дүйнөлүк согуш учурунда француз ж-а галломан дворяндарынын карикатураларын, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын портрет-

«Карта менен төлгө салуу». 1845. Орус музейи (Санкт-Петербург).
терин тарткан («Кызылча тазалоо», 1822; «Помещик аялдын таӊы», 1823–24;
«Кош айдоо. Жаз», 1820; «Орок оруу. Жай», 1820; «Карыя дыйкандын башы», 1825, ж. б.). В. өз чыг-лыгында чындыкты чагылдырууга умтулган. Анын өнөрканаларында «түп нускалардан» көчүрүшкөн ж-а гипстен тартышкан. В. окуучуларын академиялык класстарда бекер окуткан. 70ке жакын живописчилерди, б. а. венециановчуларды тарбиялаган.