ВЕРМИКУЛИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВЕРМИКУЛИ́Т (лат. vermiculus – кичинекей курт) – гидрослюдалар тобундагы минерал. Хим. формуласы MgХ(Mg, Fe)3–Х[AlSi3О10](OH)2 .4H2O.

Кошундулары: Ca, Ni. Агрегаты кабырчыктуу, чанда кристалл түспөлүндө болуп, алтындай сары, күрөӊ. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 1–1,5. С. салм. 2,4–2,7, тыгыздыгы 2400–2700 кг/м3. В-ти 400°Сге чейин ысытканда көлөмү он эсеге чоӊоёт. Биотит, флогопит минералдарынын өзгөрүшүнөн пайда болот. Жылуулук, үн өткөрбөөчү материал ж. б. катары курулуш ишинде ж-а хим. өнөр жайында, а. ч-нда колдонулат.