ВЕРТОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВЕ́РТОВ Дзига, Денис Аркадьевич [чын аты-жөнү – Давид Абелевич Кауфман, 21. 12. 1895 (2.1.1896), Белосток, Польша – 12. 2. 1954, Москва] – кинорежиссёр, сценарист, даректүү киного негиз салгандар-

дан. Гражд. согуштун материалдары б-ча «Революциянын жылдыгы» (1919), «ВЦИК үгүт поезди» (1921), «Граждандык согуштун тарыхы» (1922) фильмдерин жараткан. В. негиздеген «Киноправда» тематикалык даректүү киножурнал 1922–25-ж. чыгып турган. В-дун негизги даректүү фильмдери: «Кадам шилте, Совет!» (1926), «Дүйнөнүн алтынчы бөлүгү» (1926), «Энтузиазм» (1930), «Ленин тууралуу үч ыр» (1934) ж. б. Ал даректүү кинонун теор. маселелерин да иштеп чыккан. «Кызыл Жылдыз» ордени м-н сыйланган (1935).
Ад.: Абрамов Н. П. Дзига Вертов. М., 1962.