ВЕНЕРН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
В́ЕНЕРН – Батыш Европадагы ири көл. Швециянын түштүгүндө. Аянты 5,5 миӊ км2, тереӊдиги 100 м. Чанагы мөӊгүнүн аракетинен ж-а тектон. кыймылдан пайда болгон. Жээги көбүнчө жапыз, булуӊ-буйткалуу, аралдары көп. Көлгө 30дан ашык суу куят (эӊ ириси – Кларэльвен), Гёта-Эльв д. агып чыгып, Каттегат кысыгына куят. В. – Стокгольм – Гётеборг ички суу жолунун бир бөлүгү. Жээгинде Карльстад, Мариестад, Венерсборг ш. жайгашкан.