ГААГА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАА́ГА (Den Нааg) – Нидерланддагы шаар. Түш. Голландия провинциясынын адм. борбору. Калкы 515,0 миӊ (2016, шаар айланасы м-н 670 миӊдей). Түндүк деӊиздеги порт (Схевенингендин аванпорту). Чоӊдугу б-ча өлкөдөгү 3-шаар. Электр-тех., радиоэлектроника, авиа куруу, тамак-аш, жеӊил өнөр жайы иштейт. Айнек ж-а жыгачтан көркөм буюмдар даярдалат.

Өкмөттүн ж-а король сарайынын резиденциясы, БУУнун эл аралык соту жайгашкан. Консерватория (1908), музейлер бар. 11-к-дын аягынан эскерилет (19-к-дын башынан шаар). Бинненхоф арх-ралык ансамбли, готика стилинде курулган Синт-Якобскерк чиркөөсү (14-к.), эски ратуша (1564–65), Маурицхёйс (1633–35) ак сарайында королдордун сүрөт кабинетине таандык «алтын кылымдын» көркөм чыг-лар коллекциясы сакталган.