ГААГА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАА́ГА КОНВЕНЦИЯЛАРЫ – 1) Гаага ш-нда (Нидерланд) болуп өткөн биринчи (1899) ж-а экинчи (1907) тынчтык конф-яларында согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары тууралуу кабыл алынган эл аралык конвенциялар. 1-Гаага конф-ясына 27 мамлекет (АКШ, Улуу Британия, Франция, Италия, Япония ж. б.) катышып, анда: Эл аралык кагылышууларды тынчтык жол м-н чечүү; кургактыкта согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары; 1864-ж. Женевада кабыл алынган шарттарды деӊизде согуш аракеттерин жүргүзүүдө колдонуу тууралуу үч конвенция кабыл алынган. 2-Гаага конф-ясына 44 мамлекет (1899-жылдагы конф-яга катышкан бардык мамлекеттер, о. эле Түш. ж-а Борб. Америкадан 17 мамлекет) катышып, анда 13 конвенция (согуш аракеттерин жүргүзүүнүн мыйзамдары ж-а салттары, бейтарап мамлекеттердин укуктары, милдеттери ж. б.) кабыл алынган; 2) Куралдуу чыр-чатактар учурунда маданий баалуулуктарды коргоо тууралуу 1954-жылдагы конвенция; 3) Эл аралык жеке укук б-ча 1902–05-, 1954-, 1955-, 1956-, 1961-жылдардагы конвенциялар.