ГАББРО: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГА́ББРО (Италиядагы Gabbro деген жердин атынан) – магма тоо теги. Ал негиздүү плагиоклаздан (лабрадор, битовнит), пироксен, кээде оливин м-н амфиболдон ж-а кенташ минералдарынан турат. Түрлөрү норит плагиоклаз м-н ромбалык пироксенден, троктолит плагиоклаз м-н оливинден түзүлөт. Нагыз Г. толук кристаллданат, курамындагы түстүү ж-а түссүз минералдардын саны бирдей болот. Хим. курамында SiO2 45–50%, темир м-н магний кычкылдары 20%ке чейин. Өӊү кара, кочкул жашыл, кээде чаарала. Жер катмарында шток, лакколит, дайка ж-а тарамдар түрүндө жатат. Плагиоклазга эӊ бай (85–90%) Г. – плагиоклазит, а. и. Плагиоклаздары көгүш же жашыл болуп кубулуп турганы – лабрадорит деп аталат. Г. Курулуш иштеринде, имараттардын ичи-сыртын кооздоодо ж-а эстеликтерди тургузууда керектелет. Г. интрузияларында титандын, магнетиттин, никелдин ж. б-дын кенташтары (рудалары) кездешет. Кырг-ндын көп жерлеринде бар.