ГАВАЙИ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАВА́ЙИ АРАЛДАРЫ , С а н д в и ч а р а л д а р ы – Тынч океандын борб. бөлүгүндөгү архипелаг; АКШнын Гавайи штаты. Аянты 16,7 миӊ км2. Калкы 1,4 млн (2019). Адм. борбору – Гонолулу (Оаху а-нда). 3600 км аралыктагы 24 жанар тоо ж-а шуру (коралл) аралдарынан (ирилери – Гавайи, Мауи, Молокаи, Оаху) турат. Эӊ бийик жери – 4205 м (Мауна-Кеа аракеттеги жанар тоосу). Гавайи а-нда Мауна-Лоа ж-а Ки-

Кауаи аралы.
Гавайи аралы.

лауэа аракеттеги жанар тоолору жайгашкан. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. темп-расы 18°Сден (февраль) 25°Сге (август) жетет. Жаан-чачыны 3500–4000 ммден 12500 ммге чейин. Нымдуу тропик токою, саванна өсөт. Өсүмдүк түрүнүн 90%тейи – эндемик. Бал камыш, ананас, кофе ж. б. тропик өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Гүл өстүрүүчүлүк, туризм өнүккөн.