ГАВИАН МРАМОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАВИАН МРА́МОР КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен ш-нан 9 км түштүктө, деӊиз деӊг. 2226–2530 м бийиктикте жайгашкан. 1972–73-ж. чалгындалган. Пайдалуу катмар палеозой заманында пайда болгон мрамордон ж-а мраморлошкон акиташтан турат. Пайдалуу катмардын калыӊдыгы 80–120 м. Физ.-мех. касиеттери: орт. тыгыздыгы 2,60–2,79 г/см3, тыгыздыгы 2,73–2,79 г/см3, көзөнөктүүлүгү 0,4–2,7%, суу сиӊирүүсү 0,07–0,55%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 100,3–136,8 МПа, сууга каныккан абалдагысы 64,1–99,5 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,63–0,73, мрамор суукка чыдамсыз. Мрамордун өӊү ак, боз, кызгылтым; өтө жаракалуу. Мраморду күкүмчө катары пайдаланууга болот.
Запасы В категориясы б-ча 868,2 миӊ м3, С1 – 1519,8 миӊ м3, С2 – 960,8 миӊ м3.