ГАДОЛИНИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАДОЛИ́НИЙ (лат. Gadolinium), Gd – элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган хим. элемент. Катар н. 64, ат. м. 157,25. Г. лантаноиддерге кирет. Жаратылышта массалык сандары 152, 153, 154–158, 160 болгон изотоптору табылган. Жер кыртышындагы массасы 8.10–4%. 1880-ж. Швейцариялык химик Ж. де Мариньяк ачкан, 1886-ж. П. Лекок де Буабодран 1-жолу оксиди (Gd2O3) түрүндө бөлүп алган. Г. жумшак күмүш түстөгү ак металл; тыгыздыгы 7,895 г/см3, б. эрүү темп-расы 1312°С; кайноо темп-расы 3250°С; бирикмелеринде окистенүү даражасы +3. Абада окистенет; суу, HCl, HNO3, H2SO4 м-н бөлмө темп-расында, ал эми ысытканда Н2, N2, С, Р м-н реакцияга кирет. Г. фториддерин металлотермиялык калыбына келтирүүдөн алынат. Темир, никель, кобальттын магниттүү куймаларына кошулат. Г. бирикмелери (Gd2O3, Gd2S3 ж. б.) жарым өткөргүч касиетке ээ болгондуктан, оптоэлектроникада колдонулат.