ГАЗ АНАЛИЗДЕГИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЗ АНАЛИЗДЕГИЧ – газ аралашмаларынын сан ж-а сапаттык курамын аныктоочу прибор. Г. а. кол м-н иштөөчү ж-а автоматтык болуп бөлүнөт. Г. а-тин көрсөтүүчү, өзү жазуучу ж-а сигнал берүүчү түрлөрү бар. Иштөө принциптери б-ча Г. а-тер төмөндөгүдөй айырмаланат. Хим. – газдардын реактив аркылуу жутулушуна негизделет; термохим.– газдын күйүшүнүн жылуулук натыйжалуулугу өлчөнөт; термокондуктометрдик – газ аралашмалары м-н абанын жылуулук өткөргүчтөрү анализделип салыштырылат; электр-хим. – изилденүүчү газды сиӊирип алуучу эритменин электр өткөрүмдүүлүгү өлчөнөт; денсиметрдик – газ аралашмаларынын тыгыздыгы өлчөнөт; магниттик – кычкылтектин оӊ магниттик касиеттерине негизделет; оптикалык – газ аралашмаларынын сиӊирүү же чачыратуу спектрлеринин оптикалык тыгыздыгы өлчөнөт; радиактивдүүлүк – иондоштурулган камерадагы газ курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу электр тогунун күчү аныкталат. Медицинада организмдин энергияны керектөөсүн аныктоо үчүн дем чыгаргандагы абадагы кычкылтек ж-а көмүртек саны өлчөнөт.