ГАЗДАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЗДАШТЫРУУ – 1) катуу же суюк күйүүчү отундарды аба, кычкылтек, суу буусу ж. б. м-н окистендирип, күйүүчү газга айландыруу (к. Отундарды газга айландыруу ж-а Газ өндүрүү). Г. жер үстүндө (газ генераторунда) ж-а жер астында (көмүрдү, нефть катмарын жер алдында Г.) жүргүзүлөт. Күйүүчү газдар мешти, казанды, тиричилик приборлорун ысытууда, о. эле ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарда колдонулат. ХIХ к-дын аягында ж-а ХХ к-дын башында күйүүчү газдар жарык берүү үчүн пайдаланылган. 1836-ж. орус механиги Меркулов күйүүчү катуу отунду калдыксыз түрдө газга айландырган. Ал үчүн «от айлануучу мешти» сунуш кылган. Бул азыркы газ генераторунун алгачкы прототиби болуп саналат. 1888-ж. Д. И. Менделеев көмүрдү жер алдында Г. идеясын сунуш кылган. Жаратылыш газдарын колдонуу ХIХ к-дын экинчи жарымынан баштап жүргүзүлүүдө. 2) Күйүүчү газды эл чарбасынын ар кандай тармактарына берүүнү уюштуруу процесси. Г. үчүн жаратылыш газы ж-а жасалма газ колдонулат. Г. борб. ж-а жерг. болуп бөлүнөт. Борб. – газ керектөөчүлөргө шаардык газ тармагынан бөлүштүрүлөт. Жерг. – газ жерг. Курулмалардын же суюлтулган газ толтурулган сыйымдуулуктардын (цистерна, баллон) жардамы м-н жеткирилет. Жерг. система тиричилик имараттарында, чакан шаар м-н шаарчалардын коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында кеӊири колдонулат. Суюлтулган газ керектөөчүлөргө атайын түтүктөр, темир жол, автомобиль цистерналары ж-а баллондор м-н, о. эле суу жолу б-ча атайын газ ташуучу кемелер м-н ташылат. Газ ташуу үчүн уз. жүздөгөн, миӊдеген кмге жеткен атайын магистралдык газ өткөрүүчү түтүктөр курулат. Газ өткөргүч түтүктөр андагы басымга жараша: жогорку (1 атм-дан жогору), орто (1 атм-га чейин), төмөнкү (0,02 атм-га чейин) басымдагы болуп бөлүнөт. Шаардык газ тармактарынан алыс жайгашкан жашоо имараттарын жылытууда, о. эле кээ бир автомобилде чоӊ басым м-н толтурулган газ баллондор колдонулат. Газ м-н калкты нормалдуу ж-а ишенимдүү жабдуу үчүн ири шаарлардын жанына газды жер алдында сактагычтар курулат.