ГАЗДЫ ТАЗАЛОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЗДЫ ТАЗАЛОО – газдагы зыяндуу заттарды бөлүү. Кеӊири таралган булганыч газдарга SO2, азот оксиддери СО, углеводороддор, хлор, фтордуу бирикмелер (мис., HF ж. б.) кирет. Г. т. мех., электрдик ж-а физ.-хим. жол м-н жүргүзүлөт. Мех. тазалоо чаӊ аралашкан газды өтө чоӊ ылдамдыкта циклон аркылуу өткөрүү, чыпкалоо, булганыч газдарды атайын аппараттарда нымдоо м-н жүргүзүлөт. Электрдик тазалоодо электр чыпкасы колдонулат. Газга аралашкан чаӊ бөлүкчөлөрүнө электр заряды берилет. Заряддалган бөлүкчөлөр электр талаасынын таасири м-н карама-каршы заряддалган электроддордун бетине жабышат да газдардан бөлүнөт. Физ.-хим. методдо зыяндуу заттар абсорбентке (суюк), адсорбентке (катуу) сиӊирилет, катализатордун жардамы м-н да зыянсыздандырылат. Зыяндуу аралашмалар суюктукка айландырылып же диффузия процессинин жардамы м-н да тазаланат.