ВЕНЕЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕН́ЕЦИЯ –Италиянын түн.-чыгышындагы шаар. Венеция обл. м-н провинциясынын адм. борбору. Адрия деӊизиндеги Венеция лагунасында 150 салааларга ж-а канал өткөөлдөргө бөлүнүп (алар аркылуу 400гө жакын көпүрө салынган), 118 аралда жайгашкан. Калкы 260,0 миӊ (2020). Өлкөдөгү эӊ ири деӊиз порту (жылына 30 млн т жүк ташылат, 2004). Эл аралык аба жолдор тоому (эл аралык Марко Поло аэропорту бар). Шаар эки бөлүктөн – тарыхый (аралда жайгашкан) ж-а өнөр жайлуу порттон (материктеги) туруп, алар темир ж-а автомобиль жолдору аркылуу байланышат. Шаардын аралдардагы бөлүгү – музей-шаар, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. В. – дүйнөдөгү эӊ ири деӊиз курорту ж-а эл аралык туризмдин борбору. Шаар көрүнүшү көптөгөн каналдар (рио), анын жээгиндеги кууш өткөөлдөр, ачык (кампо) ж-а кичи (кампьелло) аянттар, үйлөрдүн ортосундагы короолору (корте) ж-а чаташ көчөлөрү м-н өзгөчөлөнөт. Шаардын ички жүргүнчүлөрү дарыя травмайлары (вапоретто; жалгыз коомдук транспорт), ал эми туристтер транспорттун тарыхый түрү болгон гондола м-н ташылат. Негизги транспорт артериясы – Чоӊ канал (уз. 3800 м, туурасы 30–70 м ), ага анча чоӊ эмес 45 канал куят ж-а 3 көпүрө салынган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу (калктын 60% эмгектенет). Салттуу кол өнөрчүлүк [Венеция айнегинен (Мурано а-нда), териден, тордон (Бурано а-нда; тор токуу мектеби ачылып, музей уюшулган) буюм жасоо, мозаика] өнүккөн. В-нын материктеги бөлүгүндө өнөр жай тармагы начар өнүккөн. Кеме ремонттоочу чакан иш-

Сан Марко коӊгуроолуу мунара собору. каналары [эӊ эскиси – Арсенал, дүйнөдөгү эӊ ири верф, 15-к.; анын аймагында 1964-жылдан тарыхый деӊиз музейи (1923-ж. негизделген) жайгашкан; кемелердин макети, курал-жарактын түрү ж. б.], түстүү металлургия, нефть ажыратуу, хим., текстиль, тамак-аш, машина куруу өнөр жайлары, тех. айнек чыгаруучу заводу (В-нын материктеги бөлүгүндө) иштейт. Көптөгөн ири өнөр жай ишканалары шаардын айланасында жайгашкан. Иск-во академиясы, ун-т, Адрия деӊизин изилдөө ин-ту, опера театры, деӊиз тарыхы ж. б. музейлер бар. В-да заманбап иск-во көргөзмөлөрү (биеннале; 1895-жылдан 2 жылда бир), эл аралык кино (1932-жылдан жыл сайын) ж-а музыка (1930) фестивалдары, Венеция карнавалы (жыл сайын февралда), о. эле тарыхый регата (кайыктар парады) ж-а эӊ мыкты кайыкчылардын жарышы (жыл сайын сентябрда) өткөрүлүп турат. В. жайгашкан аралдарга калк б. з. ч. 5-к-да отурукташа баштаган. 421-ж. венеттер ж. б. уруулар мекендеген. Риальто а-нда В. кыш. негизделген. Варвар урууларынын чабуулу кезинде (б. з. 4–7-к.) калктын саны Италиянын материктик бөлүгүнөн качкандардын эсебинен көбөйгөн. 555-ж. Византия каратып, В. Равеннанын экзархына баш ийген, ал шаар башчыларын – дукстарды (дождорду) дайындаган. 7-к-дын аягы – 8-к-дын башында аралда республика түзүлгөн. В. шаары 9 – 10-к-да Батыш Европа м-н Чыгыштын ири соода борборуна, 4-крест казатынын (1202–04) натыйжасында Жер ортолук деӊиздеги ири деӊиз державасына айланган. 14–16-к-да В. кургактагы бир топ жерлерди кошуп алган. 1797-ж. В-ны Наполеон Бонапарт басып алган. Кампоформий тынчтыгы (1797) б-ча В. респ-нын бүткүл аймагы Австрияга берилген, ал эми 1805-жылдагы Пресбург тынчтыгы б-ча Италия королдугуна бириктирилген. Вена конгрессинин (1814–15) жүрүшүндө В-ны кайрадан Австрияга берүү тууралуу чечим кабыл алынган. 1848–49-жылдагы рев-я кезинде В. кайрадан өз алдынчы республика болуп жарыяланган. 1866-ж. Вена келишими б-ча Италия королдугунун курамына кирген. В-нын арх-расы 14–16-к-да калыптана баштаган. Өзгөчөлөнгөн готика, ренессанс ж-а барокко стилиндеги имараттар, тарыхый эстеликтер, чиркөөлөр, музейлер салынган. Живопистин венеция мектеби түзүлгөн. Кооздолгон чиркөөлөр, түстүү мрамор м-н жасалгаланган сарайлардын галереялуу фасаддары, көп сандаган көпүрө, каналдар, көчө жээктете курулган 3–4 кабат үйлөр шаарга кайталангыс көрк берет. В-нын борборунда Сан-Марио Пьяццасы (аянты) жайгашкан. Шаарды узатасынан кесип өткөн каналды бойлото венециялык ак сөөктөрдүн сарайлары курулган. Аралдарда роман арх-расынын эстеликтери орун алган: Торчелло а-ндагы Санта-Мария-Ассунта Собор комплекси (7–11-к.), Санта-Фоска ротондасы (11–12-к.) ж. б. Белгилүү музейлери: Дождор сарай ансамбли, Коррер музейи (1830-ж. негизделген; 13–16-к-дагы живопись чыгармаларынын ж-а байыркы буюмдардын жыйындысы), Академия (1807; венеция мектебинин сүрөтчүлөрүнүн

Санта-Марияделла-Салуте чиркөөсү. Архитектор Б. Лонгена, 1631–87. чыгармалары), Куэрини-Стампалия гал. (1869; 14–19-к-дагы венеция живописи). Театрлары: «Ла Фениче» (1792), Театро Гольдони» (1792). В. – Европадагы байыркы муз. мад-ттын борбору. 16–17-к-да музыканын венеция мектеби түзүлгөн. 17-к-да тарыхта алгачкы опера театры (1637) ачылган, анда К. Монтеверди, Ф. Кавалли, М. А. Чести, А. Страделла, А. Вивальди иштеген. Ад.: Всеволожская С. Н. Венеция. Л., 1970; Федорова Е. В. Знаменитые города Италии: Рим, Флоренция, Венеция. М., 1985; Анисимов А. Д. Венеция: Архитектурный путеводитель. М., 2002; Бек К. История Венеции. М., 2002.