ГАЗ-ТУРБИНАЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЗ-ТУРБИНАЛУУ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ (ГТК) – кысылып күйгөн газдын энергиясын газ турбинасынын валында мех. энергияга айлантуучу жылуулук кыймылдаткыч. Анда отундун туруктуу басымда үзгүлтүксүз, туруктуу көлөмдө үзгүлтүктүү күйүшүнөн жумуш процесси аткарылат. Газ генератору, поршендүү компрессору, газ камерасы ж-а газ турбинасы бар ГТКны түзүү идеясын биринчи жолу 1791-ж. англ. ойлоп табуучу Ж. Барбер сунуш кылган. Кийин көп өлкөлөрдүн илимпоздору ГТКны өркүндөтүшкөн. Туруктуу басымда отун үзгүлтүксүз күйүүчү кыймылдаткыч өнөр жайда кеӊири колдонула баштаган. Бул кыймылдаткычта компрессордон

Газ-турбиналуу кыймылдаткыч: 1 – компрессор;
2 – күйүү камерасы; 3 – газ турбинасы.

күйүү камерасына кысылган аба күйүүчү отун м-н кошо жиберилет. Отун күйгөндө аба ысып, газ продуктуларынын күйүүсүнөн пайда болгон энергия газ турбинасында мех. жумушка айланат. ГТК катуу, суюк ж-а газ түрүндөгү отундар м-н иштейт. Жылуулук ж-а көчмө электр станциясында, газ, нефть, металлургия ж-а химия өнөр жайында, самолёт, автомобиль ж-а танк кыймылдаткычтары катары, суу транспортунда күч берүүчү ж-а энергия иштеп чыгуучу түзүлмө түрүндө кеӊири колдонулат. ГТКнын кубатуулугу 100 МВттан ашат ж-а п. а. к. 35% ке чейин жетет.