ГАЗ-ТУРБИНАЛУУ ЭЛЕКТР СТАНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЗ-ТУРБИНАЛУУ ЭЛЕ́КТР СТАНЦИЯСЫ – электр генератору газ турбинасы м-н кыймылга келтирилүүчү жылуулук электр станциясы. Көмүрдү жер астында жаткан жеринен газдаштыруудан алынган газ м-н иштөөчү станция катары пайда болгон. Адегенде Г.-т. э. с. нымдуу күрөӊ көмүр жайгашкан жерде (Тула обл-ндагы Шатск станциясы) курулган. Газдагы көмүр бөлүкчөлөрүнүн таасиринен газ турбинасынын калакчалары тез жешилгендиктен, мындай станция кеӊири таралган эмес. 20-к-дын 50–60-жылдарында дүйнөлүк практикада газ-турбиналуу кыймылдаткычтуу Г.-т. э. с. көбүрөөк колдонула баштайт. Мында күйүүчү отун катары газ түрүндөгү продукт (жаратылыш газы, күйүүчү газ, нефть иштетүүдө ж-а генератордон, домна мештеринен бөлүнүп чыккан газ), суюк отун (керосин, газойл, мазут) жумшалат. Ал станция чиркелмеге же темир жол платформасына орнотулуп, кен, нефть чыккан жерлерде, ири курулуш жүргүзүлүп жаткан аймакта негизги, ал эми электр энергиясы жетишсиз учурда толуктоочу станция катары пайдаланылат. Г.-т. э. с. Жаратылыш газы м-н иштейт, о. эле электр энергиясынын резервдик булагы катары колдонулат. Иштөө процесси негизинен автоматташтырылган ж-а аралыктан башкарылат. Көчмө Г.-т. э. с. аз колдонулат, себеби дизелдик электр станциясына караганда эксплуатациялык мүнөздөмөсү начар. Айкалыштырылган буу-газ турбиналуу түзүлмө келечектүү экени аныкталды. Мында иштелген газдар сууну ысытууга же буу генераторунда төмөнкү басымда бууну иштеп чыгарууга жумшалат. Көпчүлүк өлкөлөрдө кубатуулугу 500 МВттан ашкан жылуулук блокторуна кубатуулугу 25–35 МВт болгон газтурбиналуу түзүлмөлөр кошумча орнотулат.