ГАЙДАМАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЙДАМА́КТАР (түркчө «каракчы») – украин дыйкан-козголоңчулары. Гайдамак кыймылы 1710-ж. Украинанын оң жээгинде пайда болуп, жерг. ак сөөктөргө (польшалык дворяндар) ж-а католик чиркөөлөрүнө каршы багытталган. Алар еврей калкынын тагдырына терс таасир тийгизген. Г-дын отряды негизинен Днепр аймагынын талааларында өз ээлеринен баш калкалап качкан крепостнойлордон турган. Алардын катарына шаардын кедейлери, украин элинин жакыр мүчөлөрү, төмөнкү православдык диний жетекчилер, Россиядан качып кеткен эски динге ишенгендер ж. б. кирген. Г. өздөрүн Б. Хмельницкийдин жолун жолдоочулар деп эсептешип, Россия бийликтеринин ж-а православие чиркөөсүнүн колдоосуна ээ болушкан. Г. өтүп бара жаткан соодагерлерди, чакан калктуу конуштарды (негизинен ал жакта еврей-ижарачылар жашаган) каракташкан ж-а еврей шаарчаларын тоношкон. Г. көтөрүлүшүндө (1734, 1750, 1768) бир нече шаарларды басып алышып, еврейлерди кырып салган. Украин фольклорунда ж-а ад-ттарында Г. ж-дө идеялар камтылган (Т. Шевченко, «Хайдамаки», 1841). Украиналык тарыхнамада Г. улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөндөр катары каралат.