ГАЛАКТИКАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛАКТИКАЛАР – жүздөгөн млрд жылдыздардын зор системасы. Ага биздин Галактика да таандык. Г. жерден күӊүрт так түрүндө көрүнгөндүктөн, алар «биздин галактикадан тышкаркы тумандуулуктар» деп да аталат. Г-дын табияты 20-к-дын 20-жылдарында Э. Хаббл телескоптон карап, жарык так түрүндөгү тумандуулук эӊ көп жылдыздардан турарын байкагандан кийин белгилүү боло баштады. Г. – эллипстик (Е), спиралдык (S) ж-а туура эмес (Jr) болуп 3 класска бөлүнөт. Алардын өлчөмү абдан чоӊ. Г-дын бир четинен экинчи четине чейинки аралыкты жарык 300 000 км/сек ылдамдык м-н ондогон ж-а жүз миӊдеген жылда өтөт. Г-дын бөлүштүрүлүшү бирдей эмес. Алар ар түрдүү системалардын бөлүктөрүнөн ж-а топтошууларынан турат. Г-дын арасы, айрыкча чогулмасында космостук чаӊдан турушу мүмкүн. Бизге эӊ жакын галактика – Магеллан булуттары ж-а Андромеда тумандуулугу. Метагалактикалардын кеӊейишинин натыйжасында Г. топтолуусунун ортосундагы аралык да кеӊейүүдө. Радиотелескоптун жардамы м-н Г-ды радио-астр. изилдөөлөрдүн натыйжасында айрым Г-да нейтралдык суутектер бар экени байкалбайт, бирок космос нурлары электр-магниттик нурлар сыяктуу эле алар аркылуу өтөт. Өтө күчтүү телескоп м-н да жылдыздардан айрып билүүгө болбогон компакттуу (тыгыз) алыскы Г. да бар. Алар көгүлтүр нурга ээ. Эӊ кубаттуу радионурланууга ээ болгон алыскы компакттуу Г. N-г а л а к т и к а л а р, ушундай эле нурлануунун жылдыз түрүндөгү булактары к в а з а р л а р, ал эми кубаттуу радионурланууга ж-а белгилүү бурчтук өлчөмгө ээ болгондору р а д и о г а л а к т и к а л а р деп аталат. Г-дын ядросунда дайыма бөлүнүү процесси жүрүп турары орус астроному В. А. Амбарцумяндын гипотезасы б-ча түшүндүрүлөт. Бөлүнүү алардын борборунда болуп, ажыроодо Г. бөлүкчөлөргө бөлүнүп, радионурлануу м-н коштолот. Г-дын жарык бериши ар түрдүү. Мис., өтө гигант Г-дын жарык бериши Күндүкүнөн 1011 эсе жогору, квазарлар 100 эсе жарык: карлик – Г-дын начарлары эле биздин Галактиканын шар түрүндөгү жылдыз чогулмалары м-н бирдей. Алардын жарык бериши Күндүн жарык беришинин 105ин түзөт. 1,5 миӊдей өтө жарык (15 жылдыз өлчөмүнө чейин) Г. белгилүү, башка маалыматтар б-ча 30 миӊге жетет.
Ад.: Тейлор Р. Д. Галактики: строение и эволюция. М., 1981.