ГАЛДАН БОШОКТУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛДАН БОШОКТУ (болжол м-н 1645 – 13.3.1697) – Жуӊгар ханы (1671–97). Эрдене Баатыр коӊтаажынын Умагач деген аялынан туулган. 1671-ж. чейин Тибеттеги лама монастырында кутукты (кечилдик наам) кызматын аткарып жүргөн. Бир тууганы Сеӊге өлгөндөн кийин (1670) анын ордун ээлеген. Бийликке келери м-н өз кызыкчылыгы үчүн такка отурууга укугу бар туугандарын өлтүртө баштаган. Биринчилерден болуп бир тууганы Соно Рабтан, кийин Баатыр тайчи м-н Чечен (Цецен) тайчи өлтүрүлгөн. Сеӊгенин баласы Араптан (Цеван Раптан, Цеган Раптан) Чыгыш Түркстанга качууга аргасыз болгон. Алгачкы учурда Г. Б. хошоуттардын ханы Очирту-Чечен-хандын кызы Ануга үйлөнүп, анын колдоосуна ээ болот. 1677-ж. кайнатасы Очирту-Чечен-хандын өзүн талкалап, бүт Жунгарияга хан болгон. 1678-ж. анын аскер башчысы Раптан Сайрамды алып, шаар күм-жам талкаланган. Кийин кайнатасын өлтүрүп, Чыгыш Түркстанды каратып (1678), Далай-ламанын колунан «бошокту» («бейпил», «берекелүү») деген наам алган (1679). 17-к-дын 80-ж-нын башында Г. Б-нун аскери кыргыздарга ж-а Фергана м-н Сайрамга бир нече жолу чоӊ жүрүш жасаган. Кыргыздардын акыркы жолу Ысар (Гиссар), Гөлөп (Куляб), Анжиянга сүрүлүшү ушул учурларга туш келет. 80-ж-дын аягында Халхада чыккан көтөрүлүштү басуу үчүн 40 миӊ кол м-н аттанган. Халха ханы Түшөт (Тушету) хан жардам сурап, Цин императоруна кайрылган. Г. Б-нун аскери м-н Цин армиясынын негизги беттешүүлөрүнүн бири 1690-ж. 21-июлда Ологой көлүнүн жээгинде өткөн. Күчтөрдүн бирдей болгонуна карабай, манжурлар (Цин) жеӊилип, артка чегинишкен. Ошол эле жылдын 1–2 августундагы Улан-Бутундагы салгылашуу эки жакка теӊ жеӊиш алып келген эмес. 1695–96-ж. өз аскери м-н Монголия аймагына кирип барып, Цин аскеринин курчоосунда калган. Алардын колунан жеӊилип, 1697-жылдын 13-мартында уу ичип өлгөн. Өлүгү өрттөлүп, күлү Пекиндин дарбазаларынын бирине илинген. Жунгар хандыгынын тарыхында Г. Б. эӊ көрүнүктүү орундардын бирин ээлейт. Анын тушунда өнүккөн көп өлкөлөр бул хандык м-н эсептешип турууга аргасыз болушкан жана ал хандыктын чек арасы кеӊейип, чыгышы Халхага, батышы азыркы Кырг-нга (Чүй–Талас сууларына) чейин жеткен. Алгачкы жолу өз тыйынын чыгарган. Атасы кабыл алган мыйзамдарга (Цааджин бичиг) толуктоолорду киргизген.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-изд. М., 1983; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950. Т. 1; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001.
Э. Турганбаев.