ГАЛЛИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГА́ЛЛИЙ (лат. Gallium), Ga – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Катар н. 31, ат. м. 69,72; табиятта 2 изотобу бар: 69Ga ж-а 71Ga. Бул элементтин негизги касиеттерин 1870-ж. орус химиги Д. И. Менделеев алдын ала айтып, аны «экаалюминий» деп атаган. 1875-ж. Лэкок-де-Буабодран спектр анализи аркылуу бөлүп алган. Жер кыртышында массасы б-ча 1,5 .10–3 %ти түзөт. Негизги минералы болуп галлит (CuGaS2) эсептелет. Г. күмүш түстүү ак металл, эрүү темп-расы 29,75°С, кайноо темп-расы 2403°С, тыгыздыгы 5,097 г/см3. Окистенүү даражасы +1, +2, +3. Хим. касиети б-ча алюминийге өтө окшош. Галогендер, щелочтордун концентр. эритмеси м-н реакцияга кирип, тиешелүү бирикмелерди берет, 285°Сде абада окистенет (жогорку оксиди GaO3), HNO3, H2SO4 к-талары, «падыша арагы», суу буусу м-н аракеттенет. Г. туздарынын суудагы эритмелеринде амфотердик мүнөзгө ээ болгон гидроксиди Ga(OH)3 пайда болот. Бирикмелери уулуу эмес. Анын алтын ж-а күмүш м-н болгон куймасы белгилүү. Г. бокситтерден бөлүнүп алынат. Оптикалык күзгүлөрдү, жогорку темп-ралык термометрлерде жарым өткөргүчтөрдү даярдоодо колдонулат.