ГАЛОГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛОГЕНЕ́З (гр. hfls – туз ж-а ...генез) – кургакчыл зоналардагы туздуу суу бассейндеринде буулануунун натыйжасында оӊой эрий турган туздардын пайда болуу процесси. Туздуу суунун топтолушу узак убакыт бою, ал эми туздун чөгүшү кыска мөөнөттө жүрөт. Г. курамындагы минералдар м-н микроэлементтерге карай хим. үч негизги типке бөлүнөт: карбонаттуу (содалуу), сульфаттуу ж-а хлориддүү. Суу бассейндеринин пайда болушуна жараша континенттик ж-а деӊиздик Г. деп аталат. Г-дин жүрүшү үчүн ариддик климат, бассейнге суунун (айрыкча деӊиздик) кошулуп турушу, бирок андан агып чыкпашы, туз чөгүп жаткан аймактын ийилип турушу зарыл. Г-ден туз катмарларынан башка дагы жер астында өтө туздуу суунун запасы пайда болот.