ГАЛЬВАНОМАГНИТТИК КУБУЛУШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЛЬВАНОМАГНИТТИК КУБУЛУШТАР – магнит талаасынын ток өтүүчү катуу өткөргүчкө тийгизген таасирине байланышкан кубулуштар. Ага Холл эффектиси ж-а магнит-резисттүү эффект кирет. Өткөргүчтүн каршылыгынын магнит талаасындагы өзгөрүшү магнит-резисттүү эффект делет. Магнит талаасы токко жарыш болсо, бул эффект кичине болот. Ферромагнетиктер тышкы талаа жокто деле өзүнөн өзү магниттелүүчү Г. к-га ээ. Анын себеби – магнит талаасында заряддарды алып жүрүүчү электрондор м-н көӊдөйчөлөрдүн траекторияларынын өзгөрүшү (к. Лоренц күчү). Түрдүү өткөргүчтө заряд алып жүрүүчүлөрдүн траекториялары көп түрдүү болгондуктан, Г. к. да көп түрдүү болот. Төмөнкү темп-рада магнит талаасынын өзгөрүшү м-н Холл туруктуулугу ж-а каршылыктын кванттык осцилляциясы байкалат.