ГАЛЬВАНОТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛЬВАНОТЕ́ХНИКА (гальвано... ж-а техника) – колдонмо электрхимиянын бир тармагы; электролиздин натыйжасында металл ж-а металл эмес буюмдардын бетине электролиз жолу м-н металл катмарын каптоо. Ага гальваностегия (каптоонун калыӊдыгы 5–50 мкм, абдан бекем жабышкан) ж-а гальванопластика (кыйла калыӊ келип, оӊой ажыроочу катмар) кирет. Гальваностегия буюмду коррозиядан сактоо, бышыктыгын арттыруу, жалтыратуу, электр өткөргүчтүгүн, темп-рага чыдамдуулугун жогорулатуу ж-а кооздоо ж. б. үчүн колдонулат. Гальванопластика металлдын бетиндеги өтө майда сүрөттүн, рельефтин так көчүрмөсүн алууга мүмкүндүк берет. Экөөндө теӊ каптоо бекем, майда бүртүкчөлүү, жылмакай ачык же жалтырак болушу керек. Буюмдун бети жабуудан мурун майлуу кирден ж-а оксиддерден тазаланып, жылмаланат ж-а жуулат. Гальваностегияда жабуу бекем болуш үчүн буюмду электролит ваннага салуудан мурда атайын эритмеде активдештирет. Электр м-н чөктүрүү туруктуу ток м-н жүргүзүлөт. Капталуучу буюм – катод, ал эми катоддон бөлүнгөн металл аноддун кызматын аткарат. Электролит катары катоддон бөлүнгөн металлдардын туздарынын эритмелери колдонулат. Ага буфердик касиет берүүчү заттар кошулат ж-а ал электр өткөргүчтүгүн жогорулатат, жабдылган катмардын текши калыӊдыкта болушун камсыз кылат. Г-нын теор. Негизин ж-а колдонмо ыкмасын орус окумуштуусу Б. С. Якоби 1838-ж. ачкан. Гальваностегия автомобиль куруу, авиация, радиотех. ж-а электрондук өнөр жайда, ал эми гальванопластика полиграфияда кеӊири колдонулат.