ГАМЗАТ ЦАДАСА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАМЗА́Т ЦАДАСА́ (21. 8. 1877, азыркы Дагстан, Хунзах р-ну, Цада айылы – 11. 6. 1951, Махачкала) – авар акыны, драматург, котормочу, Дагстан эл акыны (1934). Р. Гамзатовдун атасы. Медреседе окуган. 14 жашынан ыр жазган. Алгачкы большевиктик гезитте («Красные горы», 1921) иштеп, анда «Тоолук кедейлерге», «Советтерге кимдер шайланды» ж. б. ырларын жарыялаган. 1920-жылдардагы чыгармаларында феодалдык-патриархалдык көрүнүштөрдү сынга алган. Г. Ц. – «Адат шыпыргысы» (1934) аттуу ырлар жыйнагынын, «Кырсыктуу сандык» пьесасынын, «Чабан тууралуу жомок» поэмаларынын автору. Г. Ц-нын чыг-лыгы авар фольклору м-н тыгыз байланышта. А. С. Пушкин, И. А. Крыловдун чыгармаларын авар тилине которгон. Г. Ц-га «Тандалган ырлары» үчүн СССР мамл. сыйл. берилген (1951). Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. СССР Жогорку Советинин 3-чакырылышына депутат болгон. Эки Ленин ордени м-н сыйланган.