ГАНДИ Индира: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГА́НДИ Индира (19. 11. 1917, Индия, Аллахабад – 31. 10. 1984, Индия, Дели ш.) – Индиянын мамл. ж-а саясий ишмери. Ж. Нерунун кызы. Швейцария, Англия (Оксфорд ун-тин) ж-а Индияда билим алган. 1938-ж. Индиянын улуттук конгресс (ИУК) партиясына кирип, колониялык үстөмдүккө каршы жигердүү күрөшкөн, бир нече жолу жазага тартылган. Индия өз алдынчалыкка жетишкенде (1947), ИУКта жооптуу кызматтарды аткарган. 1959–60-ж. ИУКтун төрайымы, 1964-жылдан Л. Б. Шастринин өкмөтүнүн Маалымат ж-а радио уктуруу министри, Улуттук корго-

нуу советинин мүчөсү (1964-ж., июль). 1966–77-ж. Индиянын премьер-министри. 1967–77-ж. Премьер-министрлик кызмат м-н кошо атом энергиясы ж-а тышкы иштер министри, Пландоо комиссиясынын төрайымы болгон. 1969–70-ж. реакциянын каршылыгына карабастан, 14 ири банкты мамлекеттештирген. 1977-ж. шайлоодо жеӊилгенден кийин, ИУКтун төрайымдын ж-а премьер-министрликтен кеткен. 1980-ж. кайрадан премьер-министр болгон. 1984-ж. сикх диний уюмунун мүчөлөрү болгон өзүнүн жеке сакчылары тарабынан өлтүрүлгөн. Тышкы саясатта Г. АКШнын Вьетнамга, Израилдин араб өлкөлөрүнө жасаган агрессияларын айыптап чыккан, анын тушунда Индиянын Пакистандын ички иштерине кийлигишүсү жаӊы мамлекет – Бангладештин пайда болушуна (1971) алып келген. Ички саясатта атасы Ж. Нерунун саясатынын негизги принциптерин – Индиянын бир да согуш блокторуна кошулбоо, тынчтыкты ж-а эл аралык кызматташтыкты колдоо, улуттук (мамл.) экономиканын негиздерин пландуу өнүктүрүү саясатын уланткан.