ГАНДИ Мохандас Карамчанд: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГА́НДИ Мохандас Карамчанд (2. 10. 1869, Индия, Порбандар – 30. 1. 1948, Индия, Дели) – индиялык саясий ж-а мамл. ишмер; Индиянын улуттук-боштондук кыймылын баштагандардын бири, гандизм

идеологиясын негиздөөчүсү. 1887–91-ж. Англияда юрид. билим алып, 1893-ж. чейин Бомбейде адвокат болуп иштейт. 1893–1914-ж. Түш. Африкадагы Гуджарат (Индия) соода фирмасында юрист-консульт болуп жүргөн мезгилде расалык дискриминацияга ж-а кодулоого каршы индиялыктардын күрөшүн жетектеген. Күч колдонбой каршылык көрсөтүү тактикасын (сатьяграханы) иштеп чыккан. 1915-ж. январда Индияга келип, Индиянын Улуттук конгресс (ИУК) партиясы м-н байланышат да, көп узабай анын идеялык башчысы болот. Г-нин жетекчилиги м-н ИУК эл ичинде барктуу антиимпериалисттик уюмга айланат. Г. Индиянын улуттук боштондугу, өзүнчөлүгү үчүн күрөшкө бүт өмүрүн жумшаган. «Бөлүп алып, башкара бер» деген империялык саясаттын ар кандай көрүнүштөрүнө, индус ж-а мусулман жаӊжалдарына, касталардын сакталып калышына чечкиндүү каршы чыккан; өлкөдө диний негиздеги чыр-чатактардын чыгышына жол бербөөгө көп күч жумшаган; англ. колониячыларга каршы тынч демонстрациялар өткөрүү, чет өлкөлүк товарларга бойкот жарыялоо, салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу күрөш чаралары м-н элди улуттук-боштондук кыймылга тарткан. Нечен жолу камакка алынып, түрмөдө олтурган (1922–24, 1930–31, 1942–44). Г. Рабиндранат Тагор тарабынан Махатма – «руху улуу» деп аталган. Ал көптөгөн индиялык саясатчылар м-н ИУКтун лидерлери үчүн рухий устат – гуруга айланган. Г. 1948-ж. 30-январда индиялык шовинисттик уюмдун мүчөсү колдуу болуп өлгөн.
Чыг.: Моя жизнь/Пер. с англ. М., 1959.
Ад.: Комаров Э. Н., Литман А. Д. Мировозрение Мохандаса Карамчанда Ганди. М., 1969.